Кенжебаева Фатима Башталгыч класс мугалими.

Кенжебаева Фатима Жолчубаевна 1981-жылдын 27-февралында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер а/ө караштуу Зергер айылында туулгам.Атам- Келдибеков Жолчубай,апам-Келдибекова Зуура.

1988-жылы №25 1-Май орто мектебине 1-класска баргам.1998-жылы 11- классты бүтүрдүм.

Ошол эле жылы ОЖКга(Ош Жогорку Колледжи)башталгыч класстар мугалими бөлүмүнө тапшырып, 2003- жылы ОГПИнин (Ош Гуманитардык Педагогикалык Институт) башталгыч класстар мугалими кесибин аяктадым.

2000-2002-жылдары Ош шаарындагы Ош МУга караштуу №18-гимназия мектебинде эмгектендим.2003- жылы декреттик эмгек өргүүгө чыгып,кайра 2006-2007-окуу жылында аты аталган мектепте иштедим.2008-жылдан 2011-жылга чейин акысыз эмгек өргүүсүндө болдум.

2012-2013-окуу жылынан баштап Ош облусунун Өзгөн районундагы Саламалик а/ө караштуу Ак-Терек айылындагы №62 Ак-Терек орто мектебине башталгыч класстар мугалими болуп жумушка орноштум.Бүгүнкү күнү ушул мектепте эмгектенип жатам.Үй бүлөлүк абалым: жолдошум-Кенжебаев Нурбек жогорку билимдуу.3 уул ,1 кызым бар.