Инашова Зыягул Кыргыз тили жана адабият мугалими.

Мен Инашова Зыягүл Алтынбековна, 1999-жылдын 19-июнунда Ош облусунун, Өзгөн районунун, Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылында жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем мамлекеттик кызматта иштешет. Тактап айтканда, атам Өзгөн токой чарбасында, ал эми апам Ак-Терек орто мектебинде биология, химия сабагынан мугалим.
Үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчисимин. 3 уул, 3 кыз. Эжем үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси. Сиңдим өзүнүн кесиби боюнча иштейт. Чоң иним 2-курстун студенти, экинчиси мектепте 10-класста окуйт, эң кичинекей иним 2 жашта.
2005-жылы эң алгачкы жолу мектеп босогосун аттап 1-класска баргам. 2016-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы Бишкек Мамлекеттик Университетке кыргыз филологиясы факультетине 1-курска кабыл алындым. 2020-жылы университетти аяктап, Өзгөн шаарына караштуу З.Бабур мектебине кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп ишке орноштум. 2021-жылдын 3-апрелинде жолдошум Маматибраимов Раис менен турмуш жолуна аттандык.
2021-жылдын 15-сентябрынан тарта №62 Ак-Терек орто мектебинде мугалим болуп иштеп келе жатам.