Акышова Гүлбара Башталгыч класс мугалими.

Мен Акышова Гүлбара 1987-жылдын 10-марта, Ош облусунун, Өзгөн районунун, Жылалды айылында туулганмын. 1993-жылы «Жылалды» орто мектебине 1-кыласстын босогосун аттап, 2004-жылы орто мектепти аяктагам. Өзгөн районундагы педколледжде «Айтайын орто» билим алып, азыркы кезде «Ош Гуманитардык» окуу жайында жогорку билим алып жаткан чагым. 2017-жылдын январь айында «Ак-Терек» орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп ишке жайгаштым. Алдыга койгон максатым, кичинекей балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, кыял жоругуна суктанып, балдарга жугумдуу жана татыктуу билим берүү. Үй бүлөөлүмүн, 2 уул, 3 кыздын энесимин. Жолдошум Ажиев Шумкар жүк ташуучу унаа айдап, айдоочу болуп иштейт.