Абдыкааров Эржигит Директор

Директор.

Абдыкааров Эржигит Калыбекович. 1987-жылы 2-июлда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү Ак-Терек айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1-класска 1994-жылы «Ак-Терек» мектебине келип, 2005-жылы 11-классты аяктаган. Ошол эле жылы ОшТУнун Өзгөндөгү филиалы УИТОго математика адистигине окууга өткөн. 2006-жылы кадрлардын жетишпестигинен математика адистиги жоюлуп, инженер-программист адистигине которулуп, ОшТУга барган. 2010-жылы ОшТУнун инженер-программист адистигин ийгиликтүү аяктап, март айында Салам-Алик айыл өкмөтүнө маалымат боюнча жетектөөчү адиси болуп ишке орношкон. Айыл өкмөтүндө эки жыл эмгектенип, 2012-жылдын сентябрь айынан баштап «Ак-Терек» №62 орто мектебинин информатика-математика мугалими, 2019-жылдан бери дене тарбия мугалими, 2022-жылдын 4-февралынан тарта «Ак-Терек» №62 орто жалпы билим берүүчү мектеби мекемесинин директору болуп эмгектенүүдө.